Меню

Парник газдарынын (ПГ) инвентаризациясы

24.06.202611

Парник газдарынын (ПГ) инвентаризациясы

Парник газдарынын улуттук инвентаризациясы Кыргыз Республикасынын аймагындагы парник газдарынын эмиссияларын жана сиңирилишин баалоонун жана эсепке алуунун расмий системасы болуп саналат. Инвентаризация БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын жана Париж макулдашуусунун алкагындагы эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында жүргүзүлөт жана Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун (IPCC) методологияларына ылайык даярдалат.

Инвентаризациянын алкагында камтылган парник газдары

Кыргыз Республикасында төмөнкү парник газдары боюнча эсепке алуу жүргүзүлөт:

  • көмүр кычкыл газы (CO₂);
  • метан (CH₄);
  • азоттун закиси (N₂O);
  • гидрофторуглероддор (HFCs);
  • перфторуглероддор (PFCs);
  • күкүрт гексафториди (SF₆);
  • азот трифториди (NF₃).

2023-жылы Кыргыз Республикасындагы парник газдарынын жалпы эмиссияларынын түзүмүндө көмүр кычкыл газы (CO₂) 58,2%, метан (CH₄) 29,0%, азоттун закиси (N₂O) 10,1% жана гидрофторуглероддор (HFC) 2,7% үлүштү түзгөн. Бул маалыматтар өлкөдөгү парник газдарынын негизги булактарын жана алардын жалпы эмиссиялардагы салыштырма салмагын чагылдырат.

Инвентаризациянын негизги секторлору

Парник газдарынын улуттук инвентаризациясы төмөнкү секторлор боюнча жүргүзүлөт:

  • энергетика;
  • өнөр жай процесстери жана продукцияларды пайдалануу;
  • айыл чарба;
  • жерди пайдалануу, жер пайдаланууну өзгөртүү жана токой чарбасы (ЖЖӨТЧ);
  • калдыктар.

Парник газдары боюнча улуттук система

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-февралындагы №133 токтому менен Кыргыз Республикасынын парник газдарын инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасы жөнүндө жобо бекитилген.

Улуттук система төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • парник газдарынын улуттук инвентаризациясын жүргүзүү;
  • мониторинг, отчеттуулук жана верификация процесстерин уюштуруу;
  • улуттук отчетторду жана эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладдарды даярдоо;
  • көмүртек бирдиктеринин эсепке алынышын жана жүгүртүлүшүн камсыз кылуу;
  • Кыргыз Республикасынын Париж макулдашуусу боюнча милдеттенмелерин аткарууга көмөктөшүү.