Климаттын өзгөрүшү боюнча илим жана моделдөө
24.06.2026139
Климаттын өзгөрүшү боюнча илим жана моделдөө
Климаттык изилдөөлөр жана моделдөө климаттын өзгөрүшүнүн тенденцияларын, анын табигый системаларга, экономикага жана калкка тийгизген таасирин баалоодо маанилүү роль ойнойт. Климаттык моделдер жана илимий изилдөөлөр келечектеги климаттык сценарийлерди түзүүгө, тобокелдиктерди баалоого жана адаптациялык чараларды пландаштырууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасында климаттык байкоолорду жүргүзүү жана климаттык маалыматтарды чогултуу боюнча негизги мамлекеттик мекеме болуп Кыргызгидромет саналат. Аталган мекеме температура, жаан-чачын, кар катмары, шамал жана башка климаттык параметрлер боюнча маалыматтарды чогултат жана талдайт.
Климаттык маалыматтар төмөнкү максаттарда колдонулат:
- улуттук климаттык божомолдорду иштеп чыгуу;
- узак мөөнөттүү климаттык моделдерди түзүү;
- климаттын өзгөрүү тенденцияларын талдоо;
- климаттык тобокелдиктерди баалоо;
- адаптациялык чараларды пландаштыруу.
Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшү боюнча илимий изилдөөлөрдү илимий мекемелер, жогорку окуу жайлары жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзүлөт. Бул изилдөөлөр климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуу өнүгүү боюнча чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөт.
Климат жөнүндө расмий улуттук маалыматтар жана божомолдор.
Тоо коомдоштуктарын изилдөө институту
Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору (ТШБТИБ)
Муса Рыскулбеков атындагы «КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ» илим-изилдөө университети