Меню

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы

24.06.202610

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы (БУУ КӨАК) климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча негизги эл аралык укуктук документ болуп саналат. Конвенция 1992-жылдын 9-майында кабыл алынып, 1994-жылдын 21-мартында күчүнө кирген. Анын негизги максаты – атмосферадагы парник газдарынын концентрациясын климаттык системага кооптуу антропогендик таасир тийгизбей турган деңгээлде турукташтыруу.

Бүгүнкү күндө Конвенция дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттерин бириктирген климат боюнча негизги эл аралык аянтча болуп саналат. Анын алкагында өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, ага ыңгайлашуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча кызматташат.

Конвенциянын негизги максаттары

  1. климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтуу;
  2. парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу;
  3. климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну күчөтүү;
  4. илимий изилдөөлөрдү жана технологияларды өнүктүрүү;
  5. мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.

Кыргыз Республикасы жана БУУ КӨАК

Кыргыз Республикасы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына 2000-жылдын 14-январындагы № 11 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган. Ошондон тартып өлкө Конвенциянын тарабы катары анын алкагындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарып келет, анын ичинде улуттук отчеттуулукту даярдоо, аныкталган улуттук салымдарды (ОНУВ) иштеп чыгуу жана жаңылоо, ошондой эле Конференциянын Тараптарынын сессияларына (COP/TK) катышуу боюнча иштерди жүзөгө ашырат.

Өлкө улуттук деңгээлде аныкталган салымдарды (УДАС), эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладдарды (ЭЖААД) жана улуттук билдирүүлөрдү даярдайт, ошондой эле Конференциянын Тараптарынын сессияларына (COP/ТК) активдүү катышат.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги климаттын өзгөрүшү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт, БУУ КӨАКтын алкагындагы эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыздайт жана климаттык каржылоону тартуу боюнча иштерди жүргүзөт.

БУУ КӨАКтын алкагында негизги кедишимдер

 

БУУ КӨАКтын алкагындагы улуттук отчеттуулук

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшү боюнча өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында улуттук отчеттуулукту үзгүлтүксүз даярдап жана сунуштап келет. Улуттук отчеттуулук өлкөнүн климаттык саясатын ишке ашыруудагы жетишкендиктерди, парник газдарынын эмиссиялары жана сиңирилиши жөнүндө маалыматтарды, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды, ошондой эле эл аралык колдоого болгон муктаждыктарды чагылдырат.

Кыргыз Республикасынын негизги отчеттук документтери төмөнкүлөр болуп саналат:

 

Кыргыз Республикасы Париж келишиминин алкагында Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарды (УДАС) иштеп чыгып жана мезгил-мезгили менен жаңыртып турат. УДАС өлкөнүн парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча максаттарын, артыкчылыктуу чараларын жана аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржылык, технологиялык жана институционалдык муктаждыктарын аныктайт.

Кыргыз Республикасы УДАСты ар бир беш жыл сайын жаңыртып турат. Учурда 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеши тарабынан жактырылган үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (УДАС3.0) ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2025:

2021:

Кыргыз Республикасы Париж келишиминин 13-беренесине ылайык Айкындуулуктун күчөтүлгөн алкагынын (Enhanced Transparency Framework – ETF) талаптарын аткаруу максатында Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладды (ЭЖААД) даярдайт жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Катчылыгына сунуштайт.

ЭЖААД өлкөнүн климаттын өзгөрүшү жаатындагы эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Анын ичинде:

  • парник газдарынын улуттук инвентаризациясы;
  • Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын (УДАС) аткарылышы боюнча маалымат;
  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чаралар;
  • алынган жана көрсөтүлгөн колдоо жөнүндө маалымат.

ЭЖААДдын ажырагыс бөлүгү болуп Парник газдарынын улуттук инвентаризациялык документи (National Inventory Document – NID/УИД) саналат. Документ Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун (IPCC) методологиясына ылайык даярдалып, энергетика, өнөр жай процесстери жана продукцияны пайдалануу (ӨЖПП), айыл чарба, жерди пайдалануу, жерди пайдалануунун өзгөрүшү жана токой чарбасы (ЖПЖПӨТЧ), ошондой эле калдыктар секторлору боюнча парник газдарынын эмиссиялары жана сиңирилиши жөнүндө толук маалыматты камтыйт.

Кыргыз Республикасы биринчи Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладын (ЭЖААД-1) 2024-жылы БУУ КӨАКтын Катчылыгына сунуштаган. Азыркы учурда Экинчи эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладды (ЭЖААД-2) даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

2025:

Улуттук билдирүүлөр (УБ) БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагындагы негизги отчеттук документтердин бири болуп саналат. Алар өлкөдөгү климаттын өзгөрүшү боюнча учурдагы абалды, парник газдарынын эмиссияларын жана сиңирилишин, климаттын өзгөрүшүнө болгон аялуулукту, адаптациялоо боюнча чараларды жана эмиссияларды азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатты камтыйт.

Кыргыз Республикасы бүгүнкү күнгө чейин төрт Улуттук билдирүүнү даярдап, БУУ КӨАКтын Катчылыгына сунуштаган. Азыркы учурда Бешинчи улуттук билдирүүнү (УБ5) даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

2003

2008

2017

2024

БУУ КӨАКтын расмий сайтыБУУ КӨАКтын улуттук координаторлору (National Focal Points)