Меню

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чараларын каржылоо

24.06.2026123

Жашыл климаттык фонд (ЖКФ)

Улуттук ыйгарым укуктуу орган (УЫУО)

Кыргызстандагы Улуттук ыйгарым укуктуу орган (УЫУО) — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (ЖРЭТКМ).

  • УЫУОнун ролу: Кыргызстандын ЖКФдагы (Жашыл климаттык фонддогу) кызыкчылыктарын көрсөтүү, долбоордук өтүнмөлөрдү макулдашуу жана тандоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.
  • УЫУОнун ишин координациялоону жана техникалык колдоону Климаттык каржылоо борбору (ККБ) жүзөгө ашырат. ККБ ЖКФ менен өз ара аракеттешүү боюнча координациялык борбордун функцияларын аткарат.

ЖКФ расмий сайты

Кыргызстандын ЖКФ боюнча өлкөлүк баракчасы

Кыргызстандын Жашыл климаттык фонддогу долбоорлор портфели

Кыргызстандын ЖКФ үчүн өлкөлүк программасы

Кырг Жашыл климаттык фонду менен иштөө боюнча Улуттук ыйгарым укуктуу органынын колдонмосу

Климаттык каржылоого даярдык

Долбоордун аталышыМекемеБюджет (АКШ доллары)МөөнөтүСтатус
1Жашыл климаттык фонд менен кызматташуунун стратегиялык алкагын колдооFAO300 миң2017–2025Аяктаган
2Улуттук адаптациялык планды иштеп чыгууUNDP2.6 миллион2017–2025Аяктаган
3Технологиялык муктаждыктарды баалоо (ТМБ)UNEP-CTCN490 миң2017–2025Аяктаган
4Климаттык каржылоо боюнча регионалдык мамилени иштеп чыгууCAREC300 миң2017–2025Аяктаган

 

Глобалдык экологиялык фонд (GEF)

ГЭФ төмөнкү эл аралык конвенциялардын каржылык механизми болуп саналат:

  • Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенция (CBD);
  • Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы (БУУ КӨАК);
  • Бириккен Улуттар Уюмунун Чөлдөшүүгө каршы күрөшүү боюнча конвенциясы (UNCCD);
  • Туруктуу органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясы;
  • Сымап боюнча Минамата конвенциясы.

Кыргыз Республикасы ГЭФтин мүчөсү болуп 1997-жылдан тартып саналат, ал эми 2002-жылдан тартып Борбордук Азия өлкөлөрү жана Азербайжан кирген Швейцариялык шайлоо округунун курамына кирет. Өлкө ГЭФ менен кызматташтыктын алкагында климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүк, жерлердин деградациясы, экосистемаларды калыбына келтирүү жана туруктуу өнүгүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырып келет.

Улуттук операциялык координатор

Кыргыз Республикасында Глобалдык экологиялык фонддун операциялык координатору болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги саналат.

Операциялык координатордун негизги функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • өлкөнүн экологиялык жана климаттык артыкчылыктарын аныктоо;
  • ГЭФ тарабынан каржылануучу долбоорлорду макулдашуу;
  • мамлекеттик органдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн координациялоо;
  • долбоордук сунуштарды кароо жана улуттук артыкчылыктарга шайкештигин камсыз кылуу;
  • ГЭФтин стратегиялык максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүү.

Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан ГЭФ долбоорлору

Учурда Кыргыз Республикасында Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Алар глобалдык экологиялык артыкчылыктарды камсыз кылуу менен бирге улуттук экологиялык жана климаттык саясатты колдоого багытталган.

ДолбоорАткаруучу агенттикГЭФ бюджетиМөөнөтү
Өзгөчө баалуу тоо экосистемаларын комплекстүү башкарууБУУӨП2,64 млн АКШ долл.2024–2028
Картахен протоколун ишке ашыруу боюнча улуттук биокоопсуздук механизмиФАО1,5 млн АКШ долл.2023–2026

Негизги долбоорлордун максаттары

"Памир-Алай ландшафтындагы өзгөчө баалуу тоо экосистемаларын комплекстүү башкаруу" долбоору биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, экосистемалык кызматтарды колдоого жана жергиликтүү жамааттардын туруктуу жашоо каражаттарын камсыз кылууга багытталган.

Картахена протоколу боюнча биокоопсуздук механизми долбоору биокоопсуздук боюнча улуттук мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө жана өлкөнүн техникалык потенциалын күчөтүүгө көмөктөшөт.

ГЭФ-8 алкагындагы келечектүү долбоорлор

Глобалдык экологиялык фонддун сегизинчи циклында (GEF-8) Кыргыз Республикасына болжол менен 8,7 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Учурда төмөнкү долбоорлор иштелип чыгууда же каржылоого сунушталган:

  • Тоо экосистемаларында биологиялык ар түрдүүлүктү жана жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча ландшафттык мамиле – 2,5 млн АКШ долл.;
  • Кыргыз Республикасында төмөн көмүртектүү өнүгүү үчүн электр мобилдүүлүктү өнүктүрүү – 2,21 млн АКШ долл.;
  • Сырдарья дарыясынын бассейнинде агро-токой массивдерин калыбына келтирүү үчүн суу ресурстарын комплекстүү башкаруу – 3,5 млн АКШ долл.

Улуттук отчеттуулук жана потенциалды жогорулатуу

ГЭФ ошондой эле Кыргыз Республикасына төмөнкү багыттар боюнча колдоо көрсөтөт:

  • Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенция боюнча улуттук стратегияларды жана баяндамаларды даярдоо;
  • климаттын өзгөрүшү боюнча ачык-айкындуулук демилгелерин ишке ашыруу;
  • улуттук потенциалды жогорулатуу;
  • аймактык жана глобалдык экологиялык программаларга катышуу.

Ведомстволор аралык координация

Глобалдык экологиялык фонддун жана Адаптациялык фонддун долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 30-июлундагы №01-01/221 буйругу менен ГЭФ жана Адаптациялык фонд боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет жана ал долбоорлорду кароо, макулдашуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык функцияларды аткарат.

 

Пайдалуу шилтемелер:

Адаптациялык фонду (Adaptation Fund)

Кыргыз Республикасы Адаптациялык фонд менен кызматташуунун алкагында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, жер ресурстарын туруктуу башкаруу, жайыттарды калыбына келтирүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу боюнча бир катар демилгелерди ишке ашырууда.

Улуттук координатор

Кыргыз Республикасында Адаптациялык фонд боюнча улуттук ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги саналат. Министрлик Адаптациялык фонд менен кызматташууну координациялайт, долбоордук сунуштарды макулдашат жана улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен климаттык инвестицияларды тартууга көмөктөшөт.

 

Кыргыз Республикасындагы Адаптациялык фонддун долбоорлору

ДолбоорАткаруучу уюмБюджетМөөнөтү
Аймактык жайыт жамааттарынын климаттык туруктуулугун жогорулатуу долбоору (ADAPT)IFAD10 млн АКШ долл2021–2025
Борбордук Азияда мөңгү көлдөрүнүн жарылып кетүү коркунучун азайтуу (GLOFCA)ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсесиАймактык долбоор2021–2027

 

Аймактык жайыт жамааттарынын климаттык туруктуулугун жогорулатуу долбоору (ADAPT)

Долбоор Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) тарабынан ишке ашырылат жана айыл жергесиндеги калктын климаттык туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоордун алкагында төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

  • деградацияланган жайыттарды жана токой экосистемаларын калыбына келтирүү;
  • климатка туруктуу айыл чарба практикаларын киргизүү;
  • жайыт пайдалануучулардын бирикмелеринин потенциалын жогорулатуу;
  • альтернативдүү киреше булактарын өнүктүрүү;
  • аялдардын жана жаштардын климаттык адаптация процесстерине катышуусун кеңейтүү.

ADAPT долбоору жөнүндө кененирээк маалымат

Борбордук Азияда мөңгү көлдөрүнүн жарылып кетүү коркунучун азайтуу (GLOFCA)

GLOFCA долбоору ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсеси тарабынан Адаптациялык фонддун колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды камтыйт жана мөңгү көлдөрүнүн жарылып кетишинен келип чыккан табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган.

Кыргыз Республикасында долбоор төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылууда:

  • Ала-Арча жана Тон-Тосор өрөөндөрүндөгү мөңгү көлдөрүнө мониторинг жүргүзүү;
  • эрте эскертүү системаларын түзүү;
  • климаттык тобокелдиктерди баалоо;
  • жергиликтүү жамааттардын даярдыгын жогорулатуу;
  • мамлекеттик органдардын жана илимий мекемелердин потенциалын чыңдоо.

Долбоордун натыйжасында Борбордук Азиядагы тоолуу аймактарда жашаган 100 миңден ашуун адамдын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу күтүлүүдө.

Пайдалуу шилтемелер

 

Климаттык каржылоо борбору (ККБ) (Центр по климатическому финансированию – ЦКФ)Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиAIDSTATЧыгарууларды азайтуу, энергиялык натыйжалуулук, инновациялар (MAF)Климаттык каржылоого жетүү платформасыУлуттук деңгээлде аныкталган салым (УДАС) өнөктөштүгү