Климат жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча аракеттер (ACE)
24.06.202659
Климат жаатындагы укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча аракеттер (Action for Climate Empowerment, ACE) – бул Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) алкагындагы негизги багыттардын бири. ACEнин негизги максаты – окуучулардан жана студенттерден тартып мамлекеттик кызматкерлерге, адистерге жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө чейин бардык адамдардын климаттын өзгөрүшү жөнүндө билимге, көндүмдөргө жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушун камсыз кылуу.
ACE климаттык сабаттуулукту жогорулатууга, коомчулуктун чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүүгө, улуттук потенциалды чыңдоого жана климат жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасында ACEни ишке ашыруу
Кыргыз Республикасы климаттык билим берүүнү өнүктүрүү, калктын маалымдуулугун жогорулатуу, окутуу иш-чараларын өткөрүү, адистердин потенциалын чыңдоо, ошондой эле жаштардын, илимий коомчулуктун жана жарандык коомдун климаттык процесстерге катышуусун кеңейтүү аркылуу ACE принциптерин ишке ашырууда.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга климаттык билим берүүнү жана калктын маалымдуулугун жогорулатууну өнүктүрүү программасы иштелип чыгууда. Аталган программа өлкөдө климаттык сабаттуулукту системалуу өнүктүрүүгө жана климат жаатындагы потенциалды чыңдоого багытталган.
Пайдалуу шилтемелер
- БУУ КӨАКтын алкагындагы ACE боюнча расмий баракча;
- Улуттук ACE координаторлорунун (National ACE Focal Points) расмий тизмеси;
- ACE боюнча Глазго иш программасы;
ACE төмөнкү алты негизги багытты камтыйт:
Климаттын өзгөрүшү боюнча билим берүүнү формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү системаларына киргизүү, калктын климаттык сабаттуулугун жогорулатуу.
Климаттын өзгөрүшүнүн себептери, кесепеттери жана ага каршы чаралар жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык өнөктүктөрдү жана иш-чараларды өткөрүү.
Климаттык саясат жана туруктуу өнүгүү жаатындагы адистерди, мамлекеттик кызматкерлерди, жеке сектордун, илимий коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрүн даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
Климаттын өзгөрүшү жана климаттык саясат боюнча маалыматтарга, изилдөөлөргө жана материалдарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
Жарандардын, жаштардын, илимий коомчулуктун, жеке сектордун жана бейөкмөт уюмдардын климаттык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуусу үчүн шарттарды түзүү.
Климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү жаатында эл аралык жана регионалдык кызматташтыкты, тажрыйба жана билим алмашууну өнүктүрүү.