Меню

Климаттын өзгөрүшү (КӨ) жаатындагы стратегиялар, саясат жана пландар

24.06.2026150

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы (БУУ КӨАК)

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы (БУУ КӨАК) климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы негизги эл аралык келишим болуп саналат. Конвенция 1992-жылдын 9-майында кабыл алынып, 1994-жылдын 21-мартында күчүнө кирген.

Конвенциянын негизги максаты — атмосферадагы парник газдарынын концентрациясын климаттык системага кооптуу антропогендик таасир тийгизбеген деңгээлде турукташтыруу.

Кыргыз Республикасы БУУ КӨАКка 2000-жылдын 14-январындагы №11 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган жана Конвенциянын Тарабы катары климаттын өзгөрүшү жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарып келет.

БУУ КӨАКтын алкагында Кыргыз Республикасы төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзөт:

  • улуттук климаттык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарды (УДАС) даярдоо жана жаңылоо;
  • улуттук отчеттуулукту, анын ичинде эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча баяндамаларды жана улуттук билдирүүлөрдү даярдоо;
  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
  • климаттык каржылоону тартуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • Конференциянын Тараптарынын сессияларына (COP) жана башка эл аралык сүйлөшүү процесстерине катышуу.

БУУ КӨАК Кыргыз Республикасынын климаттык саясатын калыптандыруунун жана климаттык милдеттенмелерди ишке ашыруунун негизги эл аралык укуктук негизи болуп саналат.

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тексти; 

Кыргыз Республикасынын БУУ КӨАКка кошулуусу жөнүндө 2000-жылдын 14-январындагы №11 Мыйзамы; 

БУУ КӨАКтын расмий веб-сайты. 

 

Париж макулдашуусу климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча негизги эл аралык укуктук документ болуп саналат жана ал 2015-жылдын 12-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 21-конференциясында (ТК21/COP21) кабыл алынган.

Париж макулдашуусунун негизги максаты – дүйнөлүк орточо температуранын өсүшүн өнөр жайга чейинки деңгээлге салыштырмалуу 2°Стен төмөн деңгээлде кармоо жана температуранын өсүшүн 1,5°С чегинде чектөөгө аракеттенүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасы Париж макулдашуусуна 2019-жылдын 15-ноябрындагы №125 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган жана анын алкагындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууда.

Париж макулдашуусунун алкагында Кыргыз Республикасы төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзөт:

  • улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарды (УДАС) даярдоо жана жаңылоо;
  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
  • парник газдарынын эмиссияларын азайтуу боюнча аракеттерди ишке ашыруу;
  • климаттык ачык-айкындуулук жана отчеттуулук системасын өнүктүрүү;
  • климаттык каржылоону, технологияларды жана потенциалды жогорулатууну тартуу.

Париж макулдашуусу Кыргыз Республикасынын климаттык саясатынын негизги эл аралык укуктук негизи болуп саналат жана өлкөнүн төмөн көмүртектүү жана климатка туруктуу өнүгүүгө өтүүсүнө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасы 2025-жылы үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (УДАС 3.0) сунуштады.

 

Расмий документтер

Париж макулдашуусунун тексти

Кыргыз Республикасынын Париж макулдашуусуна кошулуусу жөнүндө 2019-жылдын 15-ноябрындагы №125 Мыйзамы

Париж макулдашуусунун расмий веб-баракчасы (UNFCCC)

 

Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдар (УДАС)

Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдар (УДАС) Париж макулдашуусунун негизги инструменттеринин бири болуп саналат. УДАС ар бир өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, парник газдарынын эмиссияларын кыскартуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча улуттук максаттарын жана артыкчылыктарын аныктайт.

Париж макулдашуусуна ылайык, өлкөлөр өздөрүнүн улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарын ар бир беш жыл сайын жаңыртып жана климаттык амбицияларын жогорулатууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасы климаттык саясатты ишке ашыруунун алкагында улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарды үзгүлтүксүз даярдап жана жаңыртып келет.

2021-жылы Кыргыз Республикасы жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымды сунуштаган, ал эми 2025-жылы үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым (УДАС 3.0) БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Катчылыгына берилген.

УДАС 3.0 Кыргыз Республикасынын климаттык саясатынын негизги стратегиялык документи болуп саналат жана төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды камтыйт:

  • парник газдарынын эмиссияларын азайтуу;
  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо;
  • климаттык туруктуулукту жогорулатуу;
  • климаттык каржылоону тартуу;
  • технологияларды трансферттөө жана потенциалды жогорулатуу;
  • туруктуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүү.

Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейин парник газдарынын таза эмиссияларын шартсыз негизде 18%га жана эл аралык колдоо көрсөтүлгөн шартта 30%га чейин кыскартууну көздөйт. 2035-жылга карата бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 16% жана 39%ды түзөт.

Расмий документтер

2025-жыл

2021-жыл

Ишке ашыруу механизми

УДАС 3.0 ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө. План климаттык саясатты ишке ашыруунун негизги инструменти болуп саналат жана климаттын өзгөрүшүн жумшартуу, адаптациялоо, климаттык каржылоо жана потенциалды жогорулатуу боюнча иш-чараларды камтыйт.

Документ кызыкдар мамлекеттик органдар жана өнөктөштөр менен макулдашуу стадиясында турат.

Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун улуттук планы (УАП)

Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун улуттук планы (УАП) Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлерине туруктуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык документ болуп саналат. План климаттык тобокелдиктерди баалоо, аялуу секторлорду аныктоо жана адаптациялык чараларды улуттук жана жергиликтүү деңгээлде пландаштыруу үчүн негиз түзөт.

Улуттук адаптациялык план төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:

  • климаттык тобокелдиктерди жана аялуулукту баалоо;
  • адаптациялык чараларды мамлекеттик жана тармактык пландаштырууга интеграциялоо;
  • калктын, экосистемалардын жана экономиканын туруктуулугун жогорулатуу;
  • климаттык тобокелдиктерди башкаруу системасын өнүктүрүү;
  • илимий изилдөөлөрдү, мониторингди жана климаттык маалыматтарды пайдаланууну күчөтүү;
  • климаттык каржылоону тартуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Улуттук адаптациялык план Кыргыз Республикасынын Париж макулдашуусунун алкагындагы милдеттенмелерин ишке ашырууга көмөктөшөт жана климаттык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясаттын негизги инструменттеринин бири болуп саналат.

Көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү концепциясы

Кыргыз Республикасынын көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү концепциясы өлкөнүн климаттык саясатынын узак мөөнөттүү стратегиялык документи болуп саналат. Концепция экономиканын туруктуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүүсүнө өтүүнү камсыз кылууга, парник газдарынын эмиссияларын азайтууга жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туруктуулукту жогорулатууга багытталган.

Концепция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-июлундагы №397 токтому менен бекитилген жана өлкөнүн 2050-жылга чейинки климаттык өнүгүү багыттарын аныктайт.

Концепциянын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • парник газдарынын эмиссияларын этап-этабы менен кыскартуу;
  • энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү;
  • энергия натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • өнөр жайды, транспортту жана айыл чарбасын декарбонизациялоо;
  • токойлорду жана экосистемаларды сактоо жана калыбына келтирүү;
  • климаттык каржылоону, инновацияларды жана технологияларды тартуу;
  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды күчөтүү.

Көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү концепциясы Кыргыз Республикасынын Париж макулдашуусунун алкагындагы милдеттенмелерин ишке ашырууга жана өлкөнүн климаттык туруктуу өнүгүүсүнө өтүүсүнө өбөлгө түзөт.

Документтер

Кыргыз Республикасынын көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү концепциясы

Көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы

 

Экологиялык коопсуздук концепциясы

Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук концепциясы экологиялык жана климаттык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатууга, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган стратегиялык документ болуп саналат.

Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-мартындагы №105 Жарлыгы менен бекитилген жана 2040-жылга чейинки мезгилге карата мамлекеттик экологиялык жана климаттык саясаттын негизги багыттарын аныктайт.

Концепциянын негизги артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин азайтуу;
  • парник газдарынын эмиссияларын кыскартуу боюнча чараларды колдоо;
  • биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоо;
  • жерлердин деградациясынын жана чөлдөшүүнүн алдын алуу;
  • жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу;
  • экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
  • климаттык жана экологиялык тобокелдиктерди мамлекеттик башкаруу системасына интеграциялоо;
  • «жашыл» жана климаттык туруктуу экономиканы өнүктүрүү.

Экологиялык коопсуздук концепциясы Кыргыз Республикасынын климаттык, экологиялык жана туруктуу өнүгүү боюнча стратегиялык документтеринин өз ара байланышын камсыз кылат жана өлкөнүн экологиялык коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Документтер

Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук концепциясы (2040-жылга чейин)

Кыргыз Республикасынын «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамы

 

2026-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын №104 «Климаттык иш жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынган.

Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

«Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы климаттын өзгөрүшү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин түзүүгө багытталган.

Мыйзам климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана ага адаптациялоо, парник газдарынын эмиссияларын жөнгө салуу, климаттык каржылоо, климаттык технологияларды өнүктүрүү, ошондой эле мониторинг, отчеттуулук жана верификациялоо системаларын өркүндөтүү боюнча укуктук негиздерди аныктайт.

Мыйзамдын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • климаттын өзгөрүшү жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктоо;
  • парник газдарынын эмиссияларын кыскартуу жана көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү;
  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
  • климаттык каржылоону тартуу жана башкаруу;
  • мониторинг, отчеттуулук жана верификациялоо системасын өнүктүрүү;
  • климаттык технологияларды жана илимий изилдөөлөрдү колдоо;
  • мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын ыйгарым укуктарын аныктоо.

КР Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзамы

Климаттык билим берүү жана маалымдуулукту жогорулатуу программасы

Кыргыз Республикасында климаттык билим берүүнү өнүктүрүү жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу климаттык саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Бул багыт климаттын өзгөрүшү боюнча билимдерди кеңейтүүгө, климаттык сабаттуулукту жогорулатууга жана климаттык тобокелдиктерге туруктуулукту күчөтүүгө багытталган.

2026–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында климаттык билим берүүнү өнүктүрүү жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу программасынын долбоору, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан.

Программаны даярдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн (БУУӨП, ЮНИСЕФ, ЮНИТАР ж.б.) катышуусунда бир катар талкуулар өткөрүлгөн.

Талкуулардын жыйынтыгында Программаны андан ары илгерилетүү жана координациялоо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлгөн. Учурда программанын долбоору ведомстволор аралык макулдашуу жол-жобосунан өтүүдө.