Меню

Климаттын өзгөрүшү жаатындагы иштерди координациялоо

24.06.2026478

Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеши

Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеши экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты координациялоо боюнча консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы №487 токтому менен түзүлгөн жана мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, илимий коомчулуктун, жеке сектордун жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы №487 токтому;

Координациялык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы болуп саналат. Кеңештин курамына мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн, эл аралык уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет.

Координациялык кеңештин негизги максаты — экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык координацияны камсыз кылуу.

Координациялык кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты координациялоо;
  • улуттук стратегияларды, программаларды жана иш-чаралар пландарын кароо;
  • Кыргыз Республикасынын эл аралык климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууга көмөктөшүү;
  • климаттык каржылоону жана инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • мамлекеттик органдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
  • климаттык туруктуу өнүгүү боюнча чечимдерди жана сунуштарды даярдоо.

2025-жылдын 19-сентябрында Координациялык кеңештин биринчи жыйыны өткөрүлүп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталган салымы (УДАС 3.0), биринчи Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча баяндама (АЖБ-1), ошондой эле климаттык саясаттын артыкчылыктуу багыттары каралган.

Документтер

Координациялык кеңештин жобосу 

Координациялык кеңештин курамы 

 

Координациялык кеңештин жыйындыры: