Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу»
01.07.20260
«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору атмосфералык абанын сапатын мониторингдөө, талдоо жана башкаруу боюнча улуттук системаны модернизациялоого багытталган. Долбоордун алкагында абанын сапатына мониторинг жүргүзүү инфраструктурасын жаңылоо, лабораториялык потенциалды күчөтүү, маалыматтарды иштетүү системаларын өнүктүрүү жана абанын булганышын азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу каралган.
Максаты
Атмосфералык абанын сапатын мониторингдөө, болжолдоо жана башкаруунун заманбап системасын түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун жана айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртуу.
Долбоор жөнүндө
Долбоордун түрү:
Митигация
Аткаруучу мекемелер:
КР ЖРЭТКМ
Ишке ашыруунун мөөнөтү:
2024–2030-жж.
Долбоордун географиясы:
Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок, Чолпон-Ата
Бюджет:
Эл аралык онуктуруу ассоциациясы, Дуйнөлук банк
50 млн евро – насыя (50 жылдык мөөнөткө, пайыздык чени – 0%, жеңилдетилген мөөнөтү – 10 жыл)
Компоненттери
- атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүү системасын модернизациялоо жана кеңейтүү;
- автоматташтырылган жана жарым автоматташтырылган мониторинг станцияларын орнотуу;
- Кыргызгидрометтин лабораториялык жана техникалык потенциалын күчөтүү;
- абанын сапатын болжолдоо жана маалыматтарды башкаруу системаларын өнүктүрүү;
- шаардык жашылдандыруу, ирригациялык жана суу коргоо инфраструктурасын жакшыртуу;
- долбоорду башкаруу жана институционалдык потенциалды жогорулатуу.
Долбоордун негизги жетишкендиктери
- Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларында 11 автоматташтырылган аба сапатын мониторингдөө станциясын орнотуу боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү;
- 8 кол жана жарым автоматташтырылган мониторинг станциясын модернизациялоо пландаштырылды;
- Кыргызгидромет үчүн лабораториялык жабдууларды сатып алуу боюнча келишимдер түзүлдү;
- Бишкек шаарында заманбап аба сапатын талдоо лабораториясын жана маалыматтарды иштетүү борборун түзүү боюнча долбоордук-сметалык документация даярдалууда;
- Бишкек шаары үчүн «Жашыл алкак» концепциясы иштелип чыкты.
Долбоордун аткарылыш статусу
Ишке ашырылууда
Прогресс
100%
Байланыш үчүн жооптуу адам
Абдылдаева Гулнара Орозбековна
Долбоорду ишке ашыруу тобу, ЖРЭТКМ
☎️ +996 555 73 97 64
✉️ airqualitypiu@gmail.com