Меню

Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен интеграцияланган жер пайдалануу" регионалдык программасынын 4-компоненти. Кыргыз Республикасында климаттык каржылоого даярдык боюнча муктаждыктарды баалоо боюнча Readiness долбоору

01.07.20262

Долбоор Кыргыз Республикасынын климаттык каржылоону натыйжалуу башкаруу, сапаттуу климаттык долбоорлорду даярдоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин жумшартуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоор Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) Readiness программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Максаты

Кыргыз Республикасынын климаттык каржылоо процесстерин натыйжалуу башкаруу, сапаттуу долбоордук сунуштарды даярдоо жана климаттык иш-чараларды ишке ашыруу боюнча институционалдык, техникалык жана уюштуруучулук потенциалын чыңдоо.

 

Долбоор жөнүндө

Долбоордун түрү:
Комп лекстүү (адаптация жана митигация)

Аткаруучу мекемелер:

GIZ

Ишке ашыруунун мөөнөтү:

2023–2026-жж.

Долбоордун географиясы:
КР

Бюджет:

11 694 304 АКШ долл., анын ичинен 879 011,51 АКШ долл. – ЖКФ каражаттары

Компоненттери

  • Улуттук ыйгарым укуктуу органдын (УЫУО) жана климаттык каржылоону координациялоо механизмдеринин потенциалын күчөтүү;
  • Климаттык каржылоо жаатындагы кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу;
  • Кыргыз Республикасынын Жашыл климаттык фонд боюнча өлкөлүк программасын иштеп чыгуу;
  • Улуттук климаттык долбоорлордун портфелин түзүү;
  • Приоритеттүү секторлор боюнча концепциялык сунуштарды жана алдын ала техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо;
  • Климаттык каржылоону тартуу боюнча улуттук механизмдерди өркүндөтүү.

Долбоордун аткарылыш статусу

Ишке ашырылууда

Прогресс

 

100%

Байланыш үчүн жооптуу адам

GIZ программасынын өкүлү
☎️ +996 770 98 58 70
✉️ maya.eralieva@giz.de