Меню

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП) жана Жашыл климаттык фондунун (ЖКФ) долбоору: «Кыргыз Республикасында климаттык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана климатка сезимтал жашоо каражаттарын диверсификациялоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли төмөн аялуу жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү»

01.07.20262

Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП) тарабынан Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда жана Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Нарын облустарындагы аялуу айылдык жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор климаттык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө, жашоо каражаттарын диверсификациялоого жана калктын адаптациялык потенциалын күчөтүүгө көмөктөшөт.

Максаты

Өлкөнүн климаттык өзгөрүүлөргө болгон алсыздыгын азайтууга, Ош, Баткен жана Нарын облустарынын айылдык жамааттарынын адаптациялык потенциалын жана туруктуулугун жогорулатууга көмөктөшүү.

 

Долбоор жөнүндө

Долбоордун түрү:
Адаптация

Аткаруучу мекемелер:

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Ишке ашыруунун мөөнөтү:

2022–2026-жж.

Долбоордун географиясы:
Ош, Нарын, Баткен облустары

Бюджет:

  • 19,6 млн АКШ долл. – ЖКФ гранты

  • 1,0 млн АКШ долл. – КР Министрлер Кабинети

Долбоордун негизги багыттары:

  • климаттык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү;
  • айылдык жамааттардын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу;
  • климатка туруктуу жашоо каражаттарын жана киреше булактарын диверсификациялоо;
  • жергиликтүү деңгээлде климаттык тобокелдиктердин профилдерин иштеп чыгуу;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча потенциалын күчөтүү.

Долбоордун аткарылыш статусу

Ишке ашырылууда

Прогресс

 

100%

Байланыш үчүн жооптуу адам

Асанбаева Жылдыз

тел.: 0554910787, 0559912234

zhyldyz.asanbaeva@wfp.org